KELECHEK
rek

Министрлик: Чечмедеги жаңжалда 25 киши ооруканага кайрылды

Министрлик: Чечмедеги жаңжалда 25 киши ооруканага кайрылды

Чечмедеги жаңжалда 25 киши жаракат менен Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылды. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканын, анын экөө операциядан кийин оор абалда экенин «Азаттык» үналгысы жазды.

Калган 21 адам алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда "булак бизге таандык" деп, сөз талашкандан чыккан.

«Озодлик» радиосу таш атышуудан 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургунунун маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.

Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдады.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушуп жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41