KELECHEK
rek

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус жуккандарды жаткырабыз

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус жуккандарды жаткырабыз

Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасына коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткырылат, оорукана ачылат. Бул тууралуу 1-июнда “Азаттык” радиосуна саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бул ооруканага бейтаптарды жаткыра баштоо маселеси коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет:

“Ал оорукана ачылат. Элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп, 2,5 саат пикир алмашуу болду. Катуу да кеттик, акырында түшүнүп, суроолоруна жооп алып, тарашты. Ал оорукана даярдалууда. Азыр №6 ооруканага, Фтизиатрия борборунун бөлүмүнө жаткырып жатабыз. Алар толгондо бул жакка ала баштайбыз. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот”.

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин түрк элчилиги быйыл 25-мартта билдирген. Элчиликтин маалыматына караганда, ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат, эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар.

Бишкекте коронавирус жуккан бейтаптар Инфекциялык ооруканага жаткырылып жаткан. Ал жердин 19 медицина кызматкеринен вирус табылып, мекеме обсервацияга жабылды.

31-майда кыргыз-түрк ооруканасынын тегерегинде жашаган адамдар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар эгер коронавирус менен ооругандар жаткырылса жанындагы үйлөрдө жашагандарга, балдарга жугат деген кооптонуусун айтышкан. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38