KELECHEK
rek

Өзбекстан Орусиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Өзбекстан Орусиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги ачкан «Мехр» кайрымдуулук фонду Орусияда калган 786 өзбек жаранына 4,9 миллион рубль (68,9 миң доллар) өлчөмүндө акчалай жардам берди.

Өзбекстан ТИМи 14-майдан 22-майга чейин жардам алган өзбекстандыктардын 493ү Орусияда окуп жүргөн студенттер экенин билдирди.

Материалдык жардам алгандардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген беш жаран, эки жашка чыга элек балдары бар 32 аял, кош бойлуу жети келин жана коронавирус жуктуруп алган 13 киши бар.

Мындан тышкары Өзбекстандын Санкт-Петербургдагы консулдугу хостелде жашап жаткан 41 өзбекстандыктын жашоо акысын төлөп бергени кабарланды. Ошондой эле 18-майдан 23-майга чейин 202 муктаж үй-бүлөгө эки жумага жеткидей азык-түлүк жеткирилген.

Өзбекстандын элчилиги 14-майдан тартып Орусияда оор абалда калган жарандарга акчалай жардам берилерин билдирген.

«Бул жардам жарандын банк картасына бир жолу 12 130 рублден которуу аркылуу ишке ашырылат», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

«Мехр» кайрымдуулук акциясын өнөктөштөр жана демөөрчүлөр колдоп келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52