KELECHEK
rek

Түркмөнстанда бүтүрүү кечесине акча таба албаган бир нече окуучу өз жанын кыйды

Түркмөнстанда бүтүрүү кечесине акча таба албаган бир нече окуучу өз жанын кыйды

Акыркы күндөрү Түркмөнстандын Лебап облусунда мектепти аяктоо иш-чараларына акча таба албай калган бир нече бүтүрүүчү өз жанын кыйды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

«23-май күнү кечинде Фарап районунда бир бүтүрүүчү уй сарайга барып асынып алган. Ал бүтүрүү кечесине акча таппай жүргөн. Андан үч күн мурда ушул эле райондо дагы бир бүтүрүүчү кыз өз жанын кыйды. Ал акыркы коңгуроо салтанатына жаңы кийим сатып алууга жана бүтүрүү иш-чараларына акча таба алган эмес», — деди радионун аймактагы кабарчысы.

Анын айтымында, Дарганат районунда дагы бир бүтүрүүчү өз өмүрүнө кол салган. Анын өлүмүнө мугалимдер иш-чараларга деп сураган 400 манатты (расмий курс боюнча 114 доллар) таап бере албагандыгы себеп болгон.

«Кыздын ата-энеси аларда мындай сумманы төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин айтышкан. Бул жооптуу уккандан кийин кыз өз өмүрүнө кол салган», — деди кабарчы.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы быйыл Ашхабад шаарындагы мектептерде бүтүрүү кечелери өтпөй турганын кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...