KELECHEK
rek

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып, облустук клиникалык ооруканада жатат. Бул тууралуу оорукананын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов билдирди. Абалы орточо деп бааланууда.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя 26-майдын түнүндө шаардын Спутник кичи шаарчасында болгон. Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөөгө тапшырма берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Сапар Аканов - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.

Былтыр май айында Сапар Аканов менен бирге жүргөндөрдүн бирин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна кирген сузактык «Чач» жана каракөлдүк «Жон» аттуу каймана аты бар адамдар сабап кеткени айтылган. Жабырлануучу ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкери болчу.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...