KELECHEK
rek

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды (ФОТО)

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды (ФОТО)

Бүгүн Жалал-Абад шаарында 25-майдан тарта уруксат берилген коомдук транспортторго, кийим-кече сатуучу базарларда жана тамактануучу жайларда рейд жүрдү. Натыйжада бир нече ишкерлерге, коомдук транспорттордун ээлерине айып пул салынды. Аны менен бирге бир дүкөн жабылып, көпчүлүк соода жайларынын ээлерине эскертүү берилди.

Андагы эң башкысы жарандардын ден соолугун сактоодо жана илдеттин жайылуусун алдын алууда белгиленген санитардык  талаптардын сакталышы каралды.

Мында маршруттук каттамдардын айдоочуларына тазалыкка көңүл буруу менен бирге медициналык беткап кийген гана жүргүнчүлөрдү ташууга болоору эскертилди.

Андан кийинки рейд кийим-кече саткан дүкөн жана базарларда уланып, соода жайларындагы кардарлар арасындагы аралыктын сакталышы, сатуучулардын беткап, колкап жана антисептикалык каражаттар менен иш алып барып жаткандыгына көңүл бурулду. Бирок, коюлган талаптарга карабай көпчүлүк сатуучулар тарабынан эрежелер толук кандуу сакталбай жаткандыгы белгилүү болду.

Көп тармактын кызматкерлеринен түзүлгөн рейддин алкагында соода жайларындагы кетирилген кемчиликтер айтылып, аны жөнгө салуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы соода жайларында калктын саламаттыгына кам көрүү максатындагы мындай рейддер күн сайын уланат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13