KELECHEK
rek

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран милиция тарабынан куткарылды

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран милиция тарабынан куткарылды

2020-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционерлери, милициянын старшиналары Л.Караходжаев, А.Атажанов жана Б.Рысбаевдер  кечки саат 19:00дѳ күнүмдүк жумушка кечки авто кайгуулдоо багытына бөлүнүшүп, тейлеген Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап адатынча кызмат өтөп жатышкан.

Аталган авто кайгулдоо багыты Жалал-Абад шаарынын Ж. Шерматов кѳчѳсүндө милдеттерин аткарып жүргѳн убакта, болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында такси кызматында иштеген айдоочунун – “Сузак районунун Ынтымак айылындагы Кѳк-Арт дарыясынын кѳпүрѳсүндѳ белгисиз бир атуул ѳз ѳмүрүн кыюу максатында, Кѳк-Арт дарыясындагы кѳпүрѳдѳн сууга ѳзүн таштоого аракет жасап жатат” – деген маалымат берген. Алар көп ойлонуп турбастан ошол замат кыска мөөнөттө аталган дарекке жетип барышкан. Иш билги, тажрыйбалуу жана өз милдетин так аткарышкан кызматкерлердин ыкчам жана мыйзамдуу аракети менен өз өмүрүн тобокелге салган жаранды куткарып калышкан.

Алдын ала текшерүүдө ал Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1981-ж.т. Э.К. экендиги, мас абалда бул ишке баргандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери куткарылган атуулду үйүнѳ алып барышып, үй-бүлѳсүнѳ тапшырышкан жана болгон окуяны айтып, видео тасманы көрсөтүшкөн соң  үй-бүлөсү жана анын бир туугандары милиция кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалап, мекенчил азаматтарга ак баталарын берип, ыраазычылыктарын билдиришкен.

Ал эми милиция кызматкерлери өз учурунда бул жөн гана алардын кызматтык милдети экендигин айтышып, кайрадан тейлеген аймагында кызмат өтөөлөрүн улантышкан. 

https://www.youtube.com/watch?v=ZXEPHC6OjVY&feature=youtu.be ошол учурда тартылып алынган видео тасма ушул ссылканын ичинде. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...