KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды.

Судьялар кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгү, анын ишин жана жалпы эле сот системасын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чечимдер жана белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Судьялар кеңешинин азыркы курамынын биринчи жыйынынан (2019-жылдын 18-марты) тарта 22 жыйын өткөрүлүп, 74 чечим, анын ичинде судьяларга квалификациялык класстарды ыйгаруу боюнча, судьялардын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө, ошондой эле сотторду, судьяларды жана сот системасындагы башка органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоого тиешелүү болгон чечимдер кабыл алынгандыгы белгиленди. 

Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаров өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын  алкагында Судьялар кеңешинин ишмердигиндеги бир кыйла маанилүү багыттардын бири соттор менен судьялардын ишмердигине тиешелүү ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана иштеп чыгуу болуп саналаарын айтты. 

Мисал катары ал судьялардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу Кеңеш тарабынан судьяларды которуу (ротациялоо)  жөнүндө жобо иштелип чыккандыгын билдирди.

Ошондой эле ал соттук-укуктук реформанын алкагында соттук актылардын реалдуу, толук, өз маалында камсыздалышы аркылуу сотторго ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, эки өз алдынча бөлүм түзүлгөнүн баса белгиледи. Алар: соттордун чечимдерин аткарууга жана анын сапатын көтөрүүгө гана жооп берген Мажбурлап аткартуу кызматы менен сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоого жана сот аппараттарынын кадрдык потенциалын жакшыртууга көңүл бурган Сот департаменти.

Мамлекет башчысы судьялар коомчулугунун кызыкчылыгын жактаган орган катары Судьялар кеңешине судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана эмес, жалпы эле сот тутумунун ишин жакшыртуу, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун, анын ичинде алардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык талаптарын аткаруусун камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн айтты.

Сооронбай Жээнбеков судьялар тарабынан өздөрүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. 

Сот реформасынын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү  алдын алуу экендигин кошумчалаган Президент бул багытта ишти күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, тактап айтканда, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө  аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сот жана сот-аткаруучулук блоктор бөлүгүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматтык маалымат тутумун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга жараша сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Судьялар кеңеши судьялык өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзүүчү, судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иш алпарган судьялык өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12