KELECHEK

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө (ФОТО)

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө (ФОТО)

Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиев, ШИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Азенбек Козукеев жана бир топ жергиликтүү мекеме башчылары менен биргеликте коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алар шаар аймагындагы соода түйүндөрдү, базарларды, эл көп топтолчу жайларды кыдырышып, санитардык норманын сакталышын көзөмөлгө алышты. Сатуучуларга санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен бет кап, кол кап, антисептикалык каражаттарды колдонуу керектигин эскертишти.

Такси кызматындагыларга жана банктарга келген атуулдарга азыркы кырдаал туура түшүндүрүлүп, аралыкты сактоо зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле жугуштуу илдеттин алдын алууда ар бир жарандын салымы бар экендиги айтылып, негизсиз көчөгөчыкпоого чакырышты.

       

Мындан сырткары Шамалды-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жазгы сууга түшүүлөрдүн алдын алуу максатында мектеп мугалимдери менен биргеликте жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Нарын дарыясынын жана Шамалды-Сайды аралап өткөн чоң каналдын кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулуп, сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди. 

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Чек арадагы жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор

Чек арадагы жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор

Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо...

Аймак 2020-06-01  11:28

Министрлик: Чечмедеги жаңжалда 25 киши ооруканага кайрылды

Министрлик: Чечмедеги жаңжалда 25 киши ооруканага кайрылды

Чечмедеги жаңжалда 25 киши жаракат менен Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылды. Кыргызстандын...

Аймак 2020-06-01  18:20

Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт

Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара...

Аймак 2020-05-28  00:03

Акматов: Сузактагы жер Өзбекстанга берилген эмес

Акматов: Сузактагы жер Өзбекстанга берилген эмес

Сузак району, Кара-Дарыя айылындагы сай.

Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы Тешик-Таш...

Аймак 2020-05-26  19:55

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна...

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна...

Ноокен РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин...

Аймак 2020-05-21  17:36

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки...

Аймак 2020-05-12  14:02

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап...

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап...

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир өткөрмө бекетин жабуу маселесин караштырып жатат. Бул...

Аймак 2020-05-12  14:08