KELECHEK

Балдар онкологиясы бөлүмүндө 14 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды

Балдар онкологиясы бөлүмүндө 14 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майда билдирди.

Анын айтымында, илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды.

Балдар жана энелер ошол эле жерде дарылануусун улантат, ал эми медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык ооруканага которулат.

Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Борбордун директору Эрнис Тилеков небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткенин, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылганын, ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынганын айткан.

Таза чыккандар обсервацияга алынарын, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантарын билдирген.

Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкектик дарыгер Дубайдан «Алтын виза» алды

Бишкектик дарыгер Дубайдан «Алтын виза» алды

Чынара Жантөшева.

Бириккен Араб Эмираттарында дарыгер болуп эмгектенген журтташыбыз Чынара...

ДЕН СООЛУК 2020-06-02  12:45

Бир суткада коронавирус 69 адамдан табылды, көбү Бишкекте

Бир суткада коронавирус 69 адамдан табылды, көбү Бишкекте

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 69 адам жаңы...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  11:18

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус...

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус...

Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасына коронавируска...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  11:42

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 3900дөн ашты

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 3900дөн ашты

Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3930 адамга жетти. Бул тууралуу 31-майда өлкөнүн...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  11:53

Коронавирус бир суткада 12 медицина кызматкеринен табылды

Коронавирус бир суткада 12 медицина кызматкеринен табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 12 медициналык...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  12:00

Армения премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Армения премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  20:28

Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда

Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерине Москвадан операция жасатуу маселеси...

ДЕН СООЛУК 2020-05-26  17:07