KELECHEK

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу айылдардын биринде айт күнү маркумдарга куран окуш үчүн үйлөрдү кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Муфтияттын маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик дин кызматкерлери менен бирге көчмө жыйын өткөрдү. Анда той-аштагы, маркумду акыркы сапарга узатуудагы “ыксыз чыгымдар” тууралуу сөз болду.

Жыйынга райондун акими Бакыт Козуев, башкы имам хатиби, айыл өкмөт башчысы, имамдар, айыл башчылар катышты.

Муфтияттын маалыматында “Талкуу учурунда айт күнү куран окуш үчүн үйлөрдү кыдырбай, ата-эне жана бир туугандар менен бирге болуу, сөөктү жерге берүүдө мал сойбоо, аялдарга көк кийгизбөө, жыртыш жыртпоо маселелери каралды. Жыйынтыгында сунуштар колдоого алынып, айыл өкмөтү токтом чыгарды. Токтом чыгарылган күндөн баштап күчүнө кириши белгиленди. Айыл башчыларга, имамдарга көзөмөлдөө жагы милдеттендирилди” деп айтылат.

Дин башкармалыгы мындай жыйындар район аймагындагы бардык айыл өкмөттөрдө өтөрүн белгиледи.

24-майда Кыргызстанда Орозо айт майрамы болот.

Коронавируска байланыштуу карантин шартында бул майрам быйыл кандай белгиленери тууралуу суроого өкмөт муфтияттын чечимине жараша болорун билдирген.

Муфтият өз чечимин жарыялай элек.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган.

Адатта айт күнү Бишкектин Эски аянтында муфтий катышкан айт намаз окулат. Адамдар бири-бирин Орозо айынын жыйыныткалышы менен куттуктап, коноктошот. Жакында каза болгон адамдардын үйүнө барып куран окушат.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мээрим» теледолбооруна катышкан —...

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мээрим» теледолбооруна катышкан —...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык...

КООМ 2020-06-02  12:32

Бишкекте Атамбаевге каршы жана аны колдогон митинг өтүп жатат

Бишкекте Атамбаевге каршы жана аны колдогон митинг өтүп жатат

Биринчи май райондук сотунун алды. Алмазбек Атамбаевге каршы чыккандардын митинги. 1-июнь,...

КООМ 2020-06-01  11:24

“Мээрим” теледолбоорунун катышуучуларына - ата-энесинен ажыраган...

“Мээрим” теледолбоорунун катышуучуларына - ата-энесинен ажыраган...

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун...

КООМ 2020-06-01  12:04

Жалал-Абад: Сууга түшүү мезгилинде балдардын коопсуздугуна сак...

Жалал-Абад: Сууга түшүү мезгилинде балдардын коопсуздугуна сак...

Жайкы мезгилде Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан бассейн жана суу көлмөлөрүндө жашы жете элек...

КООМ 2020-06-01  17:44

Балдар күнүнө карата милиция тарабынан комкордук

Балдар күнүнө карата милиция тарабынан комкордук

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Жалал-Абаддагы...

КООМ 2020-06-01  18:51

Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду

Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду

Чаткал районун 2013-жылдан тарта жетектеп келе жаткан аким Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду. Бул...

КООМ 2020-05-26  17:18

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Бүгүн, 26-майда Москвадан Бишкекке чартердик каттам менен дагы 372 кыргызстандык жаран учуп келет. Бул...

КООМ 2020-05-26  17:53