KELECHEK
rek

Сириядагы согушка катышкан казакстандык Австрияда 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө

Сириядагы согушка катышкан казакстандык Австрияда 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө

Сириядагы согушка катышкан Казакстандын жараны Магомед Арчаков Австрияда 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ал былтыр жайында терроризмге байланышкан кылмыштарга айыпталып соттолгон.

Соттун материалдарына ылайык, Арчаков Сирияга 2013-жылы Москва, Стамбул шаарлары аркылуу барган. 2015-жылдын ноябрына чейин «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун катарында Сириянын президенти Башар Асаддын аскерлерине каршы согушка катышкан. 2015-жылы өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү чабуулдардын биринде жаракат алып, Украина аркылуу Австрияга качып барган.

Арчаков австрия бийлигине туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк көрсөтүп, Орусиядан келгенин, ал жакта диний көз карашы үчүн куугунтукка кабылганын айтып, башкалка берүүнү өтүнгөн. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Австрияда Арчаков эч жерде иштеген эмес, үй-бүлөсү менен ай сайын социалдык жөлөк пул алып жүргөн.

Казакстандын Терроризмге каршы күрөшүү борборунун маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан аймактарда 100дөн ашык казакстандык бар.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Арчаков кармалганда аны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Австрия бийлигине кайрылганын, бирок терс жооп болгонун билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53