KELECHEK

Милиция издөө салат!

Милиция издөө салат!

2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 1991-ж.т. И.С. аттуу тургунун азиат улутундагы 20-25 жаштагы белгисиз кара түстөгү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны башкарган атуул сөз талашып, уруп денесине залал келтирген.

Натыйжада И.С. денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты 2020-жылдын 9-март күнү Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошол эле күнү И.С. денесинен алган жараатынан улам эсин жоготкон абалда жаткандыктан, КР Жазык кодексинин 266-беренеси менен менен башталган жазык иши КР Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) өзгөртүлүп, кайрадан квалификацияланган.

2020-жылдын 10-март күнү ооруканда жаткан И.С. денесинен алган жараатынан уламэсин жоготкон абалда каза болгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын тургуну 1998-ж.т. Абдурайимов Шухратбек Бахадрович экендиги жана спорттун кикбоксинг, М-1 түрлөрү боюнча рингге чыгып жүргөндүгү такталган.

Бирок аталган окуяга шектелген Абдурайимов Шухратбек Бахадрович жүргөн жерин жашырып качып жүргөндүктөн, 2020-жылдын 13-март күнү кармалган жеринен камакка алуу өтүнүчү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан канааттандырылган.

Аталган факты боюнча кылмышка шектүү Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болуп калса төмөнкү дарекке билдирип коюуңуздарды суранабыз.Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет.

Жалал-Абад ШИИБи

Телефондор: (03722) 102; ‎(0555) 102-305; (0777) 59-59-59

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын...

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстандын Навои облусунда үч айлык баласын үч бөлмөлүү батирге алмаштырууну көздөгөн аял...

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.

Ушул жылдын 25-майында Сузак районундагы айылдардын...

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып,...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

2020-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Үстүбүздөгү жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата...

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Чек арадагы Ак-Сай айылы.

24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууудан Тажикстандын чек...