KELECHEK
rek

Нарында дагы тогуз медицина кызматкерине коронавирус жукканы аныкталды

Нарында дагы тогуз медицина кызматкерине коронавирус жукканы аныкталды

20-майга карата Кыргызстанда дагы тогуз медицина кызматкеринен коронавирус табылды, алардын баары Нарын облусунда. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө анализинен вирус табылган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 266 адамга жетти, алардын 221и айыгып чыкты (алтоо соңку суткада).

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси вирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгон.

Буга чейин Ош облусунда балдар ооруканасында, Бишкектеги бир нече бейтапканада жана Эне менен баланы коргоо борборунда, Нарындагы төрөт үйүндө иштегендерден коронавирус табылганы, алардын айрымдары убактылуу жабылганы кабарланган.

Буга чейин Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы көз жарган сегиз келинден, кызматкерлеринен коронавирус табылганы айтылган.

Алгачкы жолу Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы, этибар албаган мамиле» себеп болгонун билдирген.

Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38