KELECHEK

ДССУ пандемияга байланыштуу иликтөө өткөрүүнү колдоду

ДССУ пандемияга байланыштуу иликтөө өткөрүүнү колдоду

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин деңгээлинде өткөн жыйынында коронавирус пандемиясына карата дүйнө өлкөлөрүндө көрүлүп жаткан чараларды кылдат иликтөө зарылдыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Резолюциянын долбоорун Евробиримдик сунуштап, аны 100дөн ашуун өлкө, анын ичинде Кытай жана Орусия дагы колдоду. Документ добушка коюлбастан эле кабыл алынды, АКШ баштаган бир дагы өлкө ага каршы болгон жок.

Документте коронавирустун жайылышына карата эл аралык реакцияны калыс, көз карандысыз жана ар тараптуу баалоо чакырыктары камтылган. Ошол эле маалда анда вирустун пайда болушун аныктоо жөнүндө сөз жок: Кытай вирус жайылган биринчи өлкө катары баса белгиленген эмес.

ДССУнун жыйыны видеоконференция форматында өттү.

19-майда АКШнын президенти Дональд Трамп ДССУ 30 күндүн ичинде ишин жакшыртууга милдеттенме албаса, бул уюмду каржылоону биротоло токтотуп коёрун эскерткен.

Ал ДССУну «былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань аймагынан вирус тарап жатканы тууралуу маалыматтарды көз жаздымда калтырган» деп айыптап, уюм Бээжинден өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Британияда Азербайжандын мурдагы коопсуздук министринин балдарынын...

Британияда Азербайжандын мурдагы коопсуздук министринин балдарынын...

"Азаттык" иликтөөчү журналисттер Азербайжандын мурдагы улуттук коопсуздук министри Элдар...

ДҮЙНӨ 2020-06-02  12:43

АКШнын ири шаарларында башаламандыктар уланууда

АКШнын ири шаарларында башаламандыктар уланууда

АКШнын президенти Дональд Трамп Миннеаполис шаарындагы абалды көзөмөлгө ала албагандыгы үчүн мэр...

ДҮЙНӨ 2020-06-01  11:44

АКШда башаламандыктар менен коштолгон акциялар кеминде 75 шаарда...

АКШда башаламандыктар менен коштолгон акциялар кеминде 75 шаарда...

АКШнын бир нече штатындагы массалык башаламандыктардын жыйынтыгында 4 миңден ашык киши камакка...

ДҮЙНӨ 2020-06-01  18:24

Өзбекстан Орусиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Өзбекстан Орусиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги ачкан «Мехр» кайрымдуулук фонду Орусияда калган 786 өзбек...

ДҮЙНӨ 2020-05-28  01:36

Ооганстанда ок атышпоо келишими сакталууда

Ооганстанда ок атышпоо келишими сакталууда

Ооганстан бийлиги эки миңге жакын жоочуну туткундан бошотот деп күтүлүп жаткан чакта өкмөт менен...

ДҮЙНӨ 2020-05-28  01:44

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп...

ДҮЙНӨ 2020-05-24  21:50

ДССУ: Түркмөнстан сапары талкуу деңгээлинде

ДССУ: Түркмөнстан сапары талкуу деңгээлинде

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркмөнстанга баруу маселеси талкуу деңгээлинде экенин...

ДҮЙНӨ 2020-05-20  15:40