KELECHEK
rek

Чуу чыккан обсервацияда абал тынчыды

Чуу чыккан обсервацияда абал тынчыды

«Манастын» жанындагы обсервация. 18-май, 2020-жыл.

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда абал тынчыды. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, нааразылык билдирип чыккандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, обсервация штаттык режимде иштеп жатат. План боюнча бүгүн чыгарыла тургандардын милдет-укуктары түшүндүрүлүп, чыгарыла баштады.

Үсөнбаевдин айтымында, бүгүн чыккандардан кийин ал жерде 19 адам калат.

«Бүгүн чыга турган күнү болчу, - деди ал. - Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Документ түзүлөт, чөнтөк телефонуна тиркеме жүктөлөт, колуна маалымкат берилет. «Барганда да карантинде отурасыңар» деп шартын түшүндүрдүк. Азыр абал туруктуу».

Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан келгендердин арасынан 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдын табылса, алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер экени расмий айтылды.

10-майда 71 адамдын 55и да ушул эле шаардан келген мигранттар болчу.

17-майда алар обсервациядан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган видеосу Интернетке тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги мигранттарды «Манас» аэропортундагы обсервацияга жаткырган. 18-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар автобус менен жол жүрүп келгендиктен коронавирустун жугуу коркунучу жогору болгонун, андыктан обсервацияда кармалып, анализдер тыкыр текшерилип жатканын айткан.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13