KELECHEK
rek

Жогорку Кеңеш Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзамды сунуш кылып жатат

Жогорку Кеңеш Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзамды сунуш кылып жатат

Жогорку Кеңеш Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзамды сунуш кылып жатат.

Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлдөрү сунуш кылып жаткан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Долбоорго ылайык, анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары жазылган.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты Интернеттеги жалган маалыматтардан коргонууну камсыз кылуу, маалымат жайылтууда интернет-провайдерлер менен колдонуучулардын укуктары менен милдетин жана буларды жөнгө салуучу органдын функцияларын аныктоо экени айтылат.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейин, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт», деп жазылган. 

Эл өкүлдөрү мындай мыйзам долбоорлору Европа өлкөлөрүндө да бар экенин белгилешкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53