KELECHEK

Окуу жылын 30-майга чейин узартуунун себеби айтылды

Окуу жылын 30-майга чейин узартуунун себеби айтылды

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги быйылкы окуу жылын 30-майга чейин узартуунун себебин түшүндүрдү. 15-майда онлайн брифингде министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, буга быйыл эс алуу күндөрү адаттагыдан көбүрөөк болгону себеп.

«Жазгы каникулда биз кичине көбүрөөк эс алдык. 1-5-май күндөрү да эс алуу күндөрү болду. Ошондуктан окуу программасын толук өздөштүрүш үчүн, окуучулар тапшырмаларын жөнөтүп, мугалимдер аларды тактап, суроолоруна жооп берип алышы үчүн, убактылуу журналдан кадимки журналга бааларды көчүрүп, коюу, класстан класска көчүрүү боюнча педагогикалык кеңешмелерди өткөрүүгө даярданып алыш үчүн биз 30-майга жылдырдык, окуу жылынын аякташын».

Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында мектептер 16-мартта жабылган бойдон ачыла элек. Министрлик быйылкы окуу жылы аралыктан жыйынтыкталарын билдирген.

Жалпы билим берүүчү мектептердин 2019-2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөргөн.

Быйыл өлкөдө 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253ү артыкчылык аттестатына талапкер. 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Чет өлкөдө окуган тажик студенттери ТБАО ооруканаларына медициналык...

Чет өлкөдө окуган тажик студенттери ТБАО ооруканаларына медициналык...

Улуу Британияда, Францияда жана Канадада окуган тажикстандык студенттер Тоолуу Бадахшан автоном...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-06-02  12:58

“Ариет”балдар чыгармачылык борборунда онлайн режим менен жаш...

“Ариет”балдар чыгармачылык борборунда онлайн режим менен жаш...

2020-жыл  “Региондорду  өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-05-27  16:43

Тажикстанда окуучулардын каникулу 16-августка чейин узартылды

Тажикстанда окуучулардын каникулу 16-августка чейин узартылды

Тажикстанда коронавирус инфекциясы жайылып жатканына байланыштуу орто мектептерде жайкы каникул...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-05-07  13:30

Жалал-Абад колледжинде аралыктан окутуу ийгиликтүү жүрүүдө

Жалал-Абад колледжинде аралыктан окутуу ийгиликтүү жүрүүдө

Өлкөдөгү билим берүү процессинин жана ЖАМУдагы окуу процессинин агымында Жалал-Абад колледжинде да окуу...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-04-13  18:20

ЖАМУда ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАР ДИСТАНТТЫК ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ (ФОТО)

ЖАМУда ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАР ДИСТАНТТЫК ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ (ФОТО)

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усеновдун жетекчилигинин...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-04-09  01:23

Өзбекстанда пандемия маалында мугалимдер окуучулардын үйлөрүн...

Өзбекстанда пандемия маалында мугалимдер окуучулардын үйлөрүн...

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу карантин жарыяланганына карабастан, Анжиян облусунун...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-04-08  21:43

Исаков дистанттык окутуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү

Исаков дистанттык окутуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 6-апрелде шаардык жана...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-04-06  16:04