KELECHEK
rek

Тажикстанда Ходжа Халимдин иши боюнча 10 адам түрмөгө кесилди

Тажикстанда Ходжа Халимдин иши боюнча 10 адам түрмөгө кесилди

Тажикстан Жогорку Сотунун төрагасы былтыр сентябрда Дүйшөнбү жана Вахдат шаарларында болгон козголоңго байланыштуу укук коргоо органдарында иштеген он чиновник түрмөгө кесилгенин билдирди. Алардын ичинде бирөө жогорку кызматта иштеген. Бирок Жогорку Соттун башчысы эркинен ажыратылгандардын аты-жөнүн жана кызматын атаган жок.

Жогорку Соттун төрагасы Шермухаммади Шохиён 18-июлда Дүйшөнбүдө өткөн маалымат жыйында мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын (Ходжа Халим) козголоңуна байланыштуу кылмыш иши аягына чыкканын жарыялады. Жыйынтыгында укук коргоо органдарында жогорку кызматта иштеген он аткаминер түрмөгө кесилди.

Ал Абдухалим Назарзоданын козголоңу бийликтин аракетсиздигинен келип чыкканын кошумчалады.

2015-жылы 4-сентябрда Вахдат шаарынын Ички иштер бөлүмүнө жана Дүйшөнбүдөгү милиция бөлүмүнө кол салуу болгон. Бийлик бул иш ал кезде Тажикстандын коргоо министринин орун басары болуп турган Абдухалим Назарзоданын колунан келди деп эсептейт. Куралдуу топко каршы операция Рамит капчыгайында 12 күн уланып, укук коргоо органдарынан 14 жана топтон 30дай адам набыт болгон.

Бул окуядан кийин 200дөй адам кармалган. Учурда Тажикстан соту алардын көбүнө карата өкүм чыгарды. Соттук жараян жабык түрдө өтүп, атүгүл мамлекеттик ММКлар чыккан чечимдер туурасында маалымат беришкен жок.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20