KELECHEK
rek

Кыргызстан Орусиядан газдын баасын кайра карап чыгууну өтүндү

Кыргызстан Орусиядан газдын баасын кайра карап чыгууну өтүндү

Кыргызстан Орусиядан жаратылыш газынын баасын кайра карап чыгууну өтүндү. Бүгүн, 11-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев орус өкмөт башчысынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады жана газ маселесин да козгоду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Асрандиев: «Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, улуттук валютанын баасы төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук дараметин азайтты. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы боюнча маселени кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул маселени бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оң жооп алабыз деп ишенебиз» деди.

Орус тарап бул сунушту карап чыгууга убада берди.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн бир куб метр газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаткан. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир куб метр газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баанын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.

Бирок кийин өкмөт «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калганын кабарлаган. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү экени айтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38