KELECHEK
rek

Сиздер болгон үчүн – биз барбыз!(ФОТО)

Сиздер болгон үчүн – биз барбыз!(ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын коменданты, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жана Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошовдор баш болгон Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын штабынын мүчөлөрү да Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан 5 ардагерден кабар алышты.

Бул иш-чаранын максаты – Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдык мааракесине карата, согуштун катышуучуларына жана оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун белгилөө менен катар жаштардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу болуп саналат.

Ардагерлерди куттуктоо үчүн барган жетекчилер атайын алар үчүн даярдалган белектерин, учурдун талабы болгон антисептикалык каражаттарды, акчалай сыйлыктарды жана коменданттын куттуктоо баракчасын тапшырышып согуш даамын жана дары (порох) жытын сезип калган улуу муундарыбызга ден соолук каалап, өмүр тилешип, дайыма арабызда үлгү болуп жүрө беришин белгилөө менен Улуу жеңиштин 75 жылдык майрамы менен куттукташты.

Жаштарга үлгү көрсөтүп, карантинде үйдөн чыкпай отурган ардагерлерибиздин бири 95 жаштагы Гаффан Вильданович, куттуктоо үчүн барган формачан кызматкерлерди көрүп, ордунан тура калып, аскердик дем менен, жылуу маанайда тосуп алды. Ардагер менен маектешүү учурунда Гаффан аксакал көздөрүн жалынга толтуруп, андагы согуштук күндөрдү жана басып өткөн кандуу жолдорун эстеп айтып берди. Ошону менен катар  жаштарга алгач өздөрүнө сак болууга жана ден соолугуна кам көрүүгө, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасап, элин-жерин, жашап жаткан мамлекетин сүйүүгө чакырып, акыл-насааттарын айтканга да үлгүрдү.

Ал эми ардагерлер өз учурунда мамлекет тарабынан аларга көнүл бурулуп, өзгөчө абалдын катал күндөрүнө карабастан алардан кабар алып, көңүлдөрүн көтөрүп, белектерди берип жаткандыгына абдан кубанышып, көздөрүнө жаш ала алакан жайып, элибизде тынчтык, асманыбыз ачык болуусун жана укук коргоочулардын иштерине ийгилик каалоо менен ак баталарын беришти.

Жалал-Абад областы боюнча бүгүнкү күндө – 31 ардагер бар болсо, алардын ичинен 5 ардагер Жалал-Абад шаарынын аймагында жашап келишет.

Майрамдык белектер Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдер тарабынан да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеткирилди.

Ала-Бука РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Райымбек Сулайманов баштаган топ Баймак айылынын тургуну 99 жаштагы Аскар Хайдаровдон кабар алышты. Аскар аксакал согуш мезгилиндеги кыйынчылык күндөрү азыр да көз алдына тартылып тураарын белгилеп, мындан ары андай апаат күндөр болбосун деп тиледи. Согуштун ардагери милиция кызматкерлери жанына келип майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырып, сый-урмат көрсөтүп жатышканына ыраазычылык билдирип, ак батасын берди. Ошондой эле буга чейин да милиция тарабынан колдоо көрсөтүлүп келгенин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13