KELECHEK
rek

Коомдук транспортто жүрүү эрежелери иштелип чыкты

Коомдук транспортто жүрүү эрежелери иштелип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

11-майдан тартып ишке киришүүчү муниципалдык коомдук транспортто жүрүү учурунда коопсуздук чараларын көрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын жобо иштеп чыгып, таратты. Ага ылайык, автобус, троллейбустардын айдоочулары салонго унаадагы отургучтардын эсебинен 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттам аяктаган сайын салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек.

Ал эми жүргүнчүлөр коомдук транспортко беткапсыз түшүүгө тыюу салынат. Жол кире «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөнөт. Жүргүнчүлөр бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү. Жүргүнчүлөргө айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүү милдеттендирилген.

Өкмөттүн чечими менен 11-майдан тартып коомдук муниципалдык транспорт ишин жандантат. Өзгөчө кырдаал шартында коомдук транспортто: автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө өкмөт тараптан да бир топ талаптар коюлган. Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.

Маршруттук кичи автобустардын ишин жандандырууга азырынча уруксат бериле элек.

Ишканалардын жумушчуларын ташыган транспорттордо жумушчулар отуруп барышы керек. Унаада сөзсүз санитайзер болууга тийиш. Транспорт күн сайын тиешелүү түрдө дезинфекцияланышы керек.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13