KELECHEK
rek

Reuters: АКШ Айдагы пайдалуу ресурстарды иштетүү жөнүндө келишим даярдоодо

Reuters: АКШ Айдагы пайдалуу ресурстарды иштетүү жөнүндө келишим даярдоодо

Reuters агенттиги АКШ Айдагы пайдалуу ресурстарды казуу боюнча эл аралык долбоордун үстүндө иштеп жатканын, келишимдин катышуучуларынын арасында Орусия жок экенин билдирди.

Документ "Артемида келишими" (Artemis Accords) деген атка ээ болгон. Макулдашууда атаандаш өлкөлөрдүн же компаниялардын кийлигишүүсүнүн алдын алуу үчүн Айдагы пайдалуу кендерди казуу базаларынын айланасында “коопсуз аймактарды” түзүү, укуктук база иштеп чыгуу каралган.

Трамптын администрациясындагы жогорку кызматтагы чиновник АКШ келишимди Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) эмес, өз алдынча иштеп чыгууну чечкенин билдирген. Жакынкы апталарда Кошмо Штаттар келишимди өнөктөш өлкөлөргө сунуштайт. Алардын арасында Канада, Жапония, Бириккен Араб Эмираттары жана Европа өлкөлөрү бар. NASA менен Эл аралык космос станциясынын негизги өнөктөшү болгон Орусия сүйлөшүүлөргө чакырылбайт.

АКШ президенти Дональд Трамп 6-апрелде коммерциялык максатта Ай, Марс жана башка астрономиялык объектилердеги ресурстарды иштетүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. "Роскосмос" бул аракетти "космос мейкиндигин басып алуу" деп атаган.

1979-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында “Айдагы жана башка астрономиялык объектилердеги ишмердүүлүк” жөнүндө келишим кабыл алынган. Ага 18 өлкө кол койгон. АКШ менен Орусия алардын арасына кирбейт. Бул документке ылайык, Ай жалпы адамзаттын байлыгы деген макамга ээ.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...