KELECHEK

БШК Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялады

БШК Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтотулганын жарыялады. Токтом БШКнын 4-майда өткөн жыйынында кабыл алынды.

2-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев спикер Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

56 жаштагы Назарбаева сенатка 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Нурсултан Назарбаев отставкага кеткен күнү, 20-мартта ал парламент сенатынын спикери болуп дайындалган.

Казакстан Конституциясына ылайык, азыркы өлкө башчы отставкага кетсе, же өлсө анын ыйгарым укуктарын сенаттын спикери аткарат.

Назарбаева буга чейин Мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.

Ал ортодо президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген Маулен Ашимбаев Сенаттын депутаты болуп дайындалганы белгилүү болду.

«Интерфакс-Казакстан» агенттиги өз булагына таянып, Токаев Ашимбаевдин талапкерлигин парламент сенатынын спикери кызматына сунуштап, аны депутаттар бир добуштан колдогонун жазды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү...

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү...

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-апрелде Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө жалпы элдик...

Шайлоо 2020-03-18  17:31

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла

Ооганстанда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин...

Шайлоо 2020-03-10  18:03

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ошто жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө...

Шайлоо 2020-02-17  19:54

Тажикстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин видеого...

Тажикстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин видеого...

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда парламенттик шайлоо күнү добуш берүү процессин видеого...

Шайлоо 2020-01-23  18:13

Тажикстанда 7 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Тажикстанда 7 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Тажикстанда 16-январга карата жети саясий партиянын 70 мүчөсү жаздын башына белгиленген парламенттик...

Шайлоо 2020-01-18  16:42

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы...

Шайлоо 2019-12-26  23:31

Ооганстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алты миңден ашык...

Ооганстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алты миңден ашык...

Ооганстанда жекшемби күнү өткөн президенттин шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары жарыялангандан кийин...

Шайлоо 2019-12-26  23:35