KELECHEK
rek

Премьер-министр: 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишсиз отурат

Премьер-министр: 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишсиз отурат

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишин токтотуп, жумушсуз отурат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Алар жумушка чыккандан кийин деле бизнесинде өзгөрүүлөр болот. Кээ бири жабылат. Биз ушунун баарын анализ кылып жатабыз», - деди өкмөт башчы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 300 кишини түзөт. Адистер COVID-19 вирусуна байланыштуу чет мамлекеттерде да бир катар ишканалар жабылгандыктан кыргыз мигранттары өлкөгө кайтарын, ушундан улам жумушсуздардын саны дагы көбөйөрүн эскертип жатышат.

1-майдан тартып Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү иштеп баштайт. Анын ичинде өнөр жай өндүрүшү, тоо-кен, энергетикалык тармак, текстиль, эмерек чыгаруу ишканалары бар. Курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери жанданат.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул тармактарда 130 миңге жакын киши жумушка чыгарын билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38