KELECHEK
rek

Министр Т.Батыралиев Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушту

Министр Т.Батыралиев Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 18-июлда Саламаттык сактоо министрлигинде министр Т.А.Батыралиев Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, адаттагы жолугушуулардан айырмаланып бул жолугушуу    кыргыз тилинде-эне тилибизде жүргүзүлдү.  Бул албетте саламаттык сактоо министри Т.А.Батыралиевдин мекенге болгон чыныгы патриоттук сезими жана өз эне тилине болгон сүйүүсү деп айтсак жаңылышпайбыз.   

Делегациянын курамында: Норберт Нойзер мырза – Европарламенттин депутаты, репродуктивдүү ден-соолук маселеси боюнча жумушчу топтун мүчөсү,  Сенатор Флориан Дорель Бодог – Румыния Сенатынын мүчөсү, саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, Амая Арреги айым -  Басков парламентинин мүчөсү, Ивон Фери айым – Швейцария Улуттук кеңешинин мүчөсү, Тулай Кайнарка айым – Түркия Улуу Улуттук кеңешинин мүчөсү жана башкалар болду.

Делегациянын максаты - Кыргызстандагы репродуктивдүү ден соолук, анын ичинде  аялдардын, балдардын, өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча маалымат алуу.

- Депутаттар, Өкмөт өкүлдөрү жана тиешелүү тараптар, ошондой эле жергиликтүү саламаттык сактоо өкүлдөрү менен жолугушуп, аталган тармактагы көйгөйлөр, социалдык факторлор, гендердик маселелер жөнүндө маалымат алгыбыз келет, - деди делегация өкүлдөрү.

 Ошону менен бирге, кыргыз бермети Ысык –Көлгө баруу ниетин да жашырышкан жок.

Өз кезегинде министр Т.А.Батыралиев   Кыргызстан бул чөлкөмдөгү демократиялык жоду тандаган  жана саясий жактан туруктуу өлкө экендигин  белгилөө менен Европарламенттин репродуктивдүү ден-соолук маселесинде  Кыргызстанга көңүл буруусу өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

- Аялдар, өспүрүмдөр, ымыркайлар өлүмү бир эле социалдык абалга байланыштуу эмес,  өлкөдө аялдардын социалдык абалы начар деп айтууга болбойт,  дээрлик баары билимдүү.   Бул көйгөй эң ириде экономикадан көз каранды. Дени сак бала дени сак энеден төрөлөт. Энелерге медициналык жардам көрсөтүү системасы да бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Тиешелүү адистик боюнча жогорку медициналык билим алуу мөөнөтү да  замандын талабына жооп бербейт. Ошондуктан, ылайык  даярдамайын өнүгүү болбойт, - деди министр.    

Ошондой эле, Европарламенттин бул багыттагы сунуштарын колдоодо  жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү сөзсүз эске алына тургандыгы, ошол эле учурда медицина дүйнөнүн бардык жеринде бирдей экендигин кошумчалады.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38