KELECHEK
rek

Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты

Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты

Кыргызстанда биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди германиялык «Mühlbauer ID Services GmbH» (Мүлбауэр) компаниясы утуп алды.

Ишкана бул кызматы үчүн 655 млн. 645 миң сом сунуш кылды. Ал эми «Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы» кызматын 800 млн. сомго баалап, экинчи орун алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Мекеме биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 млн. 123,5 миң сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Тендер ушул жылдын 26-февралында жарыяланып, арызды кабыл алуу 19-мартта аяктаган. Жыйынтыгы 27-апрелде чыкты.

«Мүлбауэр» компаниясы чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Себеби «Мүлбауэр» ишканасы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Жыйынтыгында тендер боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөлүү деп табылып, акчалай айып салынган.

Кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаикова изин жашырып, издөө жарыяланган. Бул чатакта УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Быйыл февраль айынын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, буга негизги себеп - өлкөдө биометрикалык паспорт бериле электиги экенин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38