KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алды (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алды (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованы кабыл алды.

Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин  билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системадагы кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы адистердин анализине ылайык, өлкө инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку чегине жакын арада жетерин айтты. Медициналык мекемелерди өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, вируска каршы дары-дармектер, тест-системалар, жеке коргоочу каражаттар жана башка зарыл каражаттар менен жабдуу аркылуу камсыздоо жана толук даярдыкка келтирүү зарылдыгын баса бегиледи.

Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин түзүлгөн кырдаалдагы талыкпаган эмгегин дагы бир жолу өзгөчө белгилеп өттү.

Ооругандарды дарылоодо коронавирус инфекциясынын жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн аларды жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурду.

Врачтарга жана медперсоналга эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында берүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакынкы мезгилге өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл сценарийлерин иштеп чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле калкка вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

«Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучулары жана Апрель революциясынын баатырлары социалдык төлөмдөр менен өз маалында камсыздалышы керектигине көңүл бурду.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча азыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Илдеттин алкагында байланышта болгондордун бардык контакттарын аныктоо жана обсервацияга, же үй карантинине жайгаштыруу боюнча күчөтүлгөн иштер улантылып жатканын билдирди.

Оору жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы врачтар, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер экенин маалымдады.

Вице-премьер-министр дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилерин белгиледи. Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда.

Ошондой эле жакын күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатканын маалымдады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, аймактарга гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана эсепке алуу тууралуу акыркы маалыматтарды камтыган онлайн режимдеги интерактивдүү карта жайгаштырылган платформа иштелип чыкты.

Ошону менен катар Аида Исмаилова тиешелүү органдар менен биргеликте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, айрым фармацевтикалык компаниялар тарабынан баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12