KELECHEK
rek

Жогорку Кеңеш айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону тапшырды

Жогорку Кеңеш айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону тапшырды

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин биргелешкен отуруму иштеп чыгып, сунуш кылган токтомду парламент 15-апрель күнү жалпы отурумунда карап, кабыл алды.

Токтомго ылайык, парламент өкмөттү жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, коронавирустун жайылып кетишинин алдын алууда иштеп жаткан медицина, күч, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого жана аларга бөлүнгөн сый акы, кенемте акыларын төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мындан тышкары Башкы прокуратурага кызматтан бошотулган саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана «өз учурунда зарыл каражаттарды сатып алууга каржы бөлбөгөн» финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын, дарыгерлерге жасаган басымы үчүн УКМК жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды. Токтомго ылайык, башкы көзөмөл органына коронавирустун жайылып кетишине жол берген бардык тараптардын, анын ичинде өкмөт башчынын да жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилди.

Мындан тышкары, токтомго ылайык өкмөт валюталык инфляциянын социалдык-экономикалык кесепеттерин азайтуудагы антикризистик программа иштеп чыгып, парламенттин кароосуна алып келүүгө тийиш. Ошондой эле жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпай, дыйкандарга жана фермерлерге ар тараптан жардам берүүгө, өзгөчө кырдаалда иштеп жаткан дарыгерлердин жана күч кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылышы керек. Парламенттин токтому боюнча өкмөт убада берилген акчалай сый акыларды кечиктирбей төлөп берүүгө, азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүүгө, эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден жана жергиликтүү уюмдардан түшүп жаткан акча каражаттарын максаттуу жумшоого тийиш.

Өзгөчө абалдын талаптарына жооп берген ишканалардын ишине тоскоолдук кылбоо Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын комендатураларына тапшырылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов токтомдун жетекчилердин жоопкерчилиги тууралу бөлүмдү карап чыгууну өтүндү:

«Коронавирус экономикасы күчтүү мамлекеттерди да ала салдырып жатат. Кыргызстанда айрым өлкөлөргө караганда абал кыйла жакшы. Саламаттык сактоо министрлиги колунан келишинче аракет кылып, вируска каршы күрөштү. Андай болбосо, бүгүн «7-8 миң кишиден оору табылды» деп отурмакпыз. Азыр эми иштеп жаткан кызматкерлерди токтом менен колго чапсак, алар иштегиси келбей калат, андай маанай азыр деле болуп жатат».

Буга байланыштуу айрым депутаттардын сунушу менен токтомдун бул бөлүмү өзүнчө добушка коюлду. Жыйынтыгында баары бир депутаттардын колдоосун тапты. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12