KELECHEK
rek

Өзбекстанда пандемия маалында мугалимдер окуучулардын үйлөрүн кыдырууга мажбурланууда

Өзбекстанда пандемия маалында мугалимдер окуучулардын үйлөрүн кыдырууга мажбурланууда

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу карантин жарыяланганына карабастан, Анжиян облусунун Избаскан районундагы мугалимдер окуучулардын үйлөрүн кыдырып, алардын онлайн сабактарды кандай аткарып жаткандыгын сүрөткө тартууга аргасыз болушууда.

Бул маалыматты аймактагы эки мектептин директору менен мугалимдери ырасташты.

Алардын айтымында, райондук билим берүү башкармалыгы күн сайын окуучулардын сабагын текшерип, тиешелүү отчётторду тапшырып турууга буйрук берген. Бул талапты аткарбагандардын айлыгы кыскара турганы айтылган.

–​ Ар бир класс жетекчиге интернети жок окуучулардын үйлөрүн кыдырып, алардын онлайн сабактарга кантип даярданып жатканын сүрөткө тартып алуу тапшырмасы берилди. Интернети бар ата-энелерден өзүңөр сүрөткө тартып жибергиле деп суранып жатабыз. Бизге кийин бул сүрөттөр Телеграм-каналга жарыялана турганын айтышты», — деди райондогу мугалимдерди бири.

Ал мугалимдер илдет жуктуруп алуу ыктымалдыгынан улам окуучулардын үйлөрүн кыдыруудан кооптонуп жатышканын кошумчалады.

Бирок райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Азизилло Абдукаримов бул маалыматты четке кагып, мектептерге андай буйрук берилбегенин билдирди.

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам аныкталгандан кийин марттын ортосунан тартып өлкөнүн бардык жогорку окуу жайлары, мектептер жана бала бакчалар карантинге тараган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30