KELECHEK
rek

Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт

Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт

Өзбекстан словакиялык «Chirana» компаниясы менен биргеликте жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Инновациялар министрлигинин өкүлү Жамолиддин Бабаханов билдирди.

Анын айтымында, аппараттарды өндүрүү иши быйыл май айында башталат. Ташкенттеги өндүрүштүк аянтчалардын курулушу сентябрга чейин толук аяктап, пайдаланууга берилет.

«Өндүрүштүн алгачкы этабына чет өлкөлүк өнөктөштөр 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салып, 30 жумуш ордун түзүүнү пландап жатышат. Экинчи этабына 4-5 миллион доллар сарптап, 100 адамды иш менен камсыз кылуу каралууда», — деди Бабаханов.

Долбоордун алкагында «Chirana» компаниясы азыркы абалды эске алып, Өзбекстандагы коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн 1 миң даана дем алдыруу контурларын, 500 нымдоо коллекторун жана бир жолу пайдаланылуучу миң даана бактериялык-вирустук фильтрлерди бекер берет.

Борбор Азияда алгачкы жолу өндүрүлө турган жасалма дем алдыруучу аппараттарды келечекте коңшу Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан өлкөлөрүнө сатуу пландалууда.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдө коронаврус жуктуруп алган адамдардын саны 342ге жетти. Алардын экөө каза болуп, 30у айыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38