KELECHEK
rek

COVID-19: Оштогу дарыгерлердин өкмөткө кайрылуусун комиссия териштире баштады

COVID-19: Оштогу дарыгерлердин өкмөткө кайрылуусун комиссия териштире баштады

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына карганда Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлеринин кайрылуусун Саламаттык сактоо министрлиги иликтей баштады. Бул тууралуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:

"Оштогу инфекциялык ооруканада дарыгерлер илдетке чалдыкканы тууралуу маалыматтар чыкты. Бул окуя боюнча саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түздү. Иликтөө жүрүп жатат. Бүткөндө кошумча маалымдайбыз"

Бир күн мурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлери өкмөткө кайрылышкан. Кайрылууда кызматкерлер өздөрүнүн жетекчилиги, Ош шаардык эпидемиологиялык кызматы маалыматты штабга бурмалап жеткирип жатышат деп, ал үчүн оорукананын башчысы Кайрат Абжаловду күнөөлөшкөн.

Кайрылууда «биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес... Умрадан келген жарандар менен кошо жүрүп, ишин аткарган. Имаратта «кооптуу зона» бөлүнбөгөнүн башкы врачка маалымдаганбыз» деп жазылган. Кайрылууда Кайрат Абжаловду Аматова аттуу дарыгерге жалаа жаап жатканына мисалдар келтирилген:

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги онлайн брифингде:

"Айрым медициналык кызматкерлер ооруну иш үстүндө эмес, сырттан жуктургандары да аныкталып жатат. Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир врач Умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жуктуруп алганы такталып жатат. Ал өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жуктурганы боюнча министрлик маалымат берди ", - деп билдирген.

Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын 20 дарыгери кол койгон кайрылуусу 8-апрелде социалдык тармактар аркылуу таратылып, кызуу талкууланып жатат.

9-апрелде Ош облусундагы медкызматкерлердин ооруну топ-тобу менен жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда ооруканадагы коронавирус жугузган ар бир медицина кызматкеринин жагдайы өз-өзүнчө дыкат териштирилип, тиешелүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38