KELECHEK

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде банктын президенти Бандар Хажжар менен телефондон сүйлөшүп, коронавирустун жайылышынын социалдык-экономикалык залакасын жумшартыш үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Банктын жетекчиси коронавирус дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жатканын баса белгилеп, Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.

Буга чейин президент Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Дүйнөлүк банктан, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык Валюта Фондунан да жардам сураган.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.

18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуттук банк: Мигранттар жөнөткөн акча 19% азайды

Улуттук банк: Мигранттар жөнөткөн акча 19% азайды

Кыргызстанда чет жактан акча которуунун көлөмү азайганы байкалууда. Бул тууралуу 27-майда Улуттук...

ЭКОНОМИКА 2020-05-28  01:22

Кыргызстан эл аралык донорлордон 462 млн. доллар алат

Кыргызстан эл аралык донорлордон 462 млн. доллар алат

Кыргыз өкмөтү менен эл аралык финансылык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык,...

ЭКОНОМИКА 2020-05-28  17:19

Жээнбеков ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктар боюнча сотко кайрылуу...

Жээнбеков ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктар боюнча сотко кайрылуу...

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин ичиндеги (ЕАЭБ) тоскоолдуктар...

ЭКОНОМИКА 2020-05-20  15:31

ЕАЭБ президенттери беш жылдык өнүгүү стратегиясын кабыл алышкан жок

ЕАЭБ президенттери беш жылдык өнүгүү стратегиясын кабыл алышкан жок

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр – Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана...

ЭКОНОМИКА 2020-05-20  15:33

Мирзиёев өзүн иш менен камсыздаган ишкерлерди киреше салыгынан...

Мирзиёев өзүн иш менен камсыздаган ишкерлерди киреше салыгынан...

Өзбекстанда өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандарды киреше салыгынан бошотуу үчүн жаңы система...

ЭКОНОМИКА 2020-05-20  11:23

Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди

Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 18-майдагы жыйынында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи...

ЭКОНОМИКА 2020-05-18  17:02

Өкмөт аэропортторду жеке башкарууга өткөрүү тууралуу долбоор...

Өкмөт аэропортторду жеке башкарууга өткөрүү тууралуу долбоор...

Жогорку Кеңештин 13-майдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев аэропортторду башкарууну жеке...

ЭКОНОМИКА 2020-05-14  17:53