KELECHEK
rek

«Умрадан келгендер менен чай ичкен эмеспиз». COVID-19 жуккан дарыгерлердин даты

«Умрадан келгендер менен чай ичкен эмеспиз». COVID-19 жуккан дарыгерлердин даты

Атайын коргоочу кийим кийген медкызматкер. Баткен.

Өкмөттүн айрым медкызматкерлердин коронавируска чалдыкканы боюнча билдирүүсү дарыгерлердин нааразылыгын жаратты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги онлайн брифингде айрым медициналык кызматкерлер ооруну иш үстүндө эмес, сырттан жугузгандары да аныкталганын айткан.

«Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир дарыгер умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы такталып жатат. Ал өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жугузганы боюнча министрлик маалымат берди», - деп билдирген Боронов.

Бул билдирүү дарыгерлер арасында нааразылык жаратты. «Азаттык» радиосунун кабарчысы COVID-19ду жуктуруп алып ооруканада жаткан дарыгерлердин бири Гүлүмкан Аматова менен байланышты.

Ош шаардык балдардын инфекциялык-стационарынын дарыгери​ Гүлүмкан Аматова биз чалган тушта абдан кыйналып, жөтөлүп жатты.

- Негизи оорунун жугушу боюнча маалыматтар кайдан чыгып жатат?

Ошондой адаштырган маалымат бизге абдан катуу тийди. Чындыкты бербей, ушундай кылып коюшту. Обсервацияга баргандан кийин тийиштүү шарттар каралып, таза жана кир зона деп өз-өзүнчө түзүлүшү керек эле.

Умрадан оору жугузуп келгендер обсервацияга алынган имарат тууралуу айтып, түшүндүрө албай жатабыз.

Биз бейтаптар баспаган жагынан форманы кийип, анан киришибиз керек болчу. Башында ушундай шарттар такыр түзүлгөн эмес.

Кыргызстандык дарыгерлер.

Бейтаптар жаткан жак өзү эле авариялык абалда. Ал жерге чүчкүрүп, жөтөлүп киришет. Дарыгерлер ошол жерден кирип анан кийинип жатпайбы. Кварц түгүл хлор менен да жуулган эмес. Абдан булганыч абалда болгон. Биринчи күнү эптеп жыйнап коюшкан.

Бизге бөлүнгөн кийимдер да эски болчу, тийиштүү кийимдер эми гана келип жатпайбы. Азыр бул жерден кыздардыкын көрүп таң калып жатабыз, мындай кийимдер башында жок эле. Үстүндөгү кийимдери менен эле барып, анализ алышкан. Буйрук боюнча жашы өтүп калган, өнөкөт оорусу бар кызматкерлер ал жакка кирбеши керек эле.

- Азыр сиз кайсы ооруканада жатасыз?

- Биз азыр Оштогу менчик «Кардио Азия плюс» ооруканасында жатабыз. Биз ошол умрадан келгендер жаткан обсервацияга барып, анализ алган догдур Талиа Нуркамилованын жанында отуруп, жуктуруп алдык да.

Ошол жерге жибергенден кийин аны да 14 күн обсервацияга алуу керек болчу. Чындыкты айтыш керек, башында жанагы шарт, эрежелер сакталган эмес, «бара бергиле, ала бергиле» деп коюшкан. Ошону менен аны бизге киргизип коюшкан, ал иштеп жаткан.

Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр ал оор абалда облустук ооруканада жатат. Кечээ, бүгүн кичине температурасы түшүп калыптыр. Плазмаларды алып, кислороддо жатты. Ушундай убакта ага «умрага баргандар менен чай ичкен» деп жалаа жабышпадыбы.

«Обсервациянын талабы сакталбаганы үчүн ушундай болду» деген сөздөн качып жатышат окшойт. Болбосо башында шарт түзүлбөгөнүн сопсонун билишет да. Андан көрө күнөөнү врачтын өзүнө оодарып салган оңой болуп жатпайбы...

Кыскасын айтканда, бизди элдин, кесиптештердин алдында уят кылышты. Биздин абалыбызды билбей эле Кубатбек Боронов, Гүлжигит Алиев «Карантин убагында умрадан келгендер менен жолугуп, ооруну жугузуп алды» деп айтып жатышат. Ошого жаныбыз ачып, кайрылдык.

Биз бир бөлүмдө иштейбиз, бир кабинетте отурабыз. Үч-төрт киши отурабыз. Азыр он беш кишиден аныкталды. Обсервацияда канчоо жатканын так айта албайм, бирок 20 кишидей болуш керек.

Шайым ооп турат. Ар кимбизге ар кандай таасир этип жатат. Эски ооруну козгойт экен бул вирус.

- Азыр абалыңыз кандай?

- Абалым жакшы эмес. Кечээ абдан жаман болуп, тура албай жаттым эле. Бүгүн кудайга шүгүр кичине туруп жатам. Бирок шайым ооп турат. Ар кимбизге ар кандай таасир этип жатат. Эски ооруну козгойт экен бул вирус. Дарылардын баарын алып жатабыз. Тамакка табит тартпай калды. Температура 35.4кө түштү. Азыр шарт жакшы эле. Медсестралар кечээ, мурдагы күндөн тарта жаңы ак кийимдер келгенин айтышты. Башында жетпей, беткаптары, көз айнектери тердеп жатты эле, азыр андан жакшылары келгенин уктук. Жакшы эле карап жатышат. Бишкек менен байланышта болуп, дарылап жатышат.

Сиз ооруканада ким болуп иштечү элеңиз?

Мен врач инфекционистмин. Менин жанымда эки врач жатат. Үчөөбүз бир бөлүмдө иштечү элек. Биздин медсестрабыз да келди. Абалыбыз өтө жакшы эмес болгону үчүн, кээ бирин облустук ооруканага которушту.

«Азаттык»: Маек жарыяланар алдында дарыгер Гүлүмкан Аматова дагы Оштогу облустук ооруканага которулганы белгилүү болду.

Төмөндө Гүлүмкан Аматова менен аудио маек:

Ош шаары

Аматова: Умрадан келгендер менен чай ичкен эмеспиз

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлеринин кайрылуусун иликтей баштаганын кабарлады. Бул тууралуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:

«​Оштогу инфекциялык ооруканада дарыгерлер илдетке чалдыкканы тууралуу маалыматтар чыкты. Бул окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түздү. Иликтөө жүрүп жатат. Бүткөндө кошумча маалымдайбыз», - деди Каратаев.

Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын 20 дарыгери кол койгон кайрылуу 8-апрелде социалдык тармактар аркылуу таратылып, кызуу талкууланып жатат.

9-апрелде Ош облусундагы медкызматкерлердин ооруну топ-тобу менен жугузуп алуу учурларын иликтеш үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда ооруканадагы коронавирус жугузган ар бир медицина кызматкеринин жагдайы өз-өзүнчө терең иликтенип, тиешелүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоо тармагынын 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жууган кызматкерлер бар.

 Дастан Үмөтбай уулу, «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38