KELECHEK
rek

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-майда өлкө жарандарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

Кымбаттуу мекендештер!

Көзкарандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандан бери 23 жылөттү. Бул жылдары өлкөбүздүн Негизги мыйзамынын үстүнөн бир катар акылга сыйбаган эксперименттер жүргүзүлүп, эки үй-бүлөлүк-кландык режимдин жеке кызыкчылыктарына ылайыкталып оӊдолуп-түздөлүүгө дуушар болду.

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаӊы Конституциясы өлкөнү оӊ өзгөрүүлөргө карай бурду. Чукулунан кабыл алынгандыктан,  айрым кемчиликтери болгонуна карабай, бул Негизги мыйзам Кыргызстаныбыздын кайра жаралуусуна жана укуктук демократиялык мамлекетти курууга башат болуп берди.

Бүгүн Кыргызстан өз өнүгүү жолун таап, иш жүзүндө эркин жарандардын өлкөсүнө айланууда. Биздин өнүгүү моделибиз кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына жана адилетсиздикке моюн сунбаган бекем рухуна таянат. Күчтүү экономикасы бар жана жашоо-турмушу бакубат, нукура көз карандысыз мамлекетти курууга болгон элибиздин эркине таянат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы элибиздин рухуна шайкеш келип, өнүгүү жолуна жарык чачкан шам болууга тийиш. Турмуш баарын орду-ордуна коюп жатат: мыйзамдардагы биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат жана жасалма таӊууланган нерселер өзүнөн өзү жокко чыгып, тетирисинче мыйзамдарыбыз Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келген эрежелер жана жоболор менен толукталууда. Бир гана эл мыйзамдарыбызды өнүгүүгө өбөлгө болгудай, адамдарыбыздын үмүт-тилектерине шайкеш кылып жасай алат.

Урматтуу мекендештер!

Өлкө тагдыры үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Баарыбыз тең Мыйзам боюнча, Ыйман жана Абийир менен жашоого милдеттүүбүз! Күн сайын ак эмгегибиз менен балдарыбыздын жаркын келечегине, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине жол чабалы!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!

 

 

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12