KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү бул татаал мезгилде медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи. Медиктерге жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөндөрдүн баарына патриоттуулугу жана талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Президент коронавирус инфекциясын аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге тартылган бардык медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздоо зарылдыгын айтып, саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери мындан ары дагы мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республика боюнча, өзгөчө инфекция жугузуп алгандар аныкталган райондордо санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүүгө көңүл бурду.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал медициналык мекемелердин зарыл болгон дары-дармектер, жеке коргоочу каражаттар жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылышы тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн бир катар ооруканалардын кайра профилдештирүүгө даярдыгы жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тартып өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин «118» «тынымсыз телефон линиясы» иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү күндө республикада жарандардан коронавирус инфекциясын аныктоого лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тест-системалар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12