KELECHEK
rek

ЖАМУда ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАР ДИСТАНТТЫК ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ (ФОТО)

ЖАМУда ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАР ДИСТАНТТЫК ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ (ФОТО)

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усеновдун жетекчилигинин алдында проректорлордун, декан, директорлордун, бөлүм башчыларынын катышуусунда административдик кеңешме он-лайн формасында өткөрүлдү.

Анда бүгүнкү күндө университетте дистанттык түрдө  жүргүзүлүп жаткан окуу процессине байланышкан орчундуу маселелер каралды. Жыйындын катышуучулары тарабынан дистанттык окутуу технологияларын колдонууну мындан ары да өркүндөтүү бир топ алгылыктуу сунуштар айтылды. Окуу жайдын ректору К.Ж.Усенов, дистанттык технологиялар окуу процессинде акыркы 2-3 жылдан бери активдүү колдонулуп келгендиктен, окутуучулар менен студенттерге эч кандай кыйынчылыктар болбогондугу, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы кайтарым байланыштар жакшы жолго коюлгандыгын баса белгиледи.

Ал эми  модулдар да дистанттык түрдө алынгандыгы, студенттердин аралыктан туруп эле активдүү катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгү белгиленди. Бул жетишкендиктер тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, профессордук-окутуучулук курамдын тынымсыз аракеттеринин натыйжасы катары караса болоору айтылып, жамаатка ыраазычылык  билдирилди. Ошону менен катар эле Мамлекеттик аттестацияларды тапшырууну, квалификациялык иштерди коргоону дистанттык түрдө уюштуруу маселелери каралып, жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмалары коюлду.

Практика бөлүмү тарабынан студенттердин өндүрүштүк жана педагогикалык практикаларын өткөрүү маселелери боюнча сунуштар айтылды. Кырдаалга ылайык өндүрүштүк практикалар ар бир адистиктин өзгөчөлүгүнө жараша жылдырылат. Ал эми педагогикалык практикалар график боюнча өз убагында өткөрүлүп, студенттер тиешелүү мектептердин директорлору, мугалимдери, практика жетекчилери менен байланышып, мектептердеги дистанттык окутуу технологияларын колдонууга үйлөрүнөн чыкпастан аралыктан катышаары, студент-практиканттар түзүлгөн кырдаалдан туура пайдаланышып, өз билимдерин кеңейте алаары айтылды.

Студенттер келечектеги педагогикалык ишмердүүлүктөрү үчүн компьютердик технологияларды туура пайдаланууну үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Мындай дистанттык педагогикалык практикалар студенттерди азыркы заманбап телекоммуникациялык каражаттарды колдонууга үйрөтүү менен алардын дистанттык сабактарды өтүү чеберчилигин калыптандыра тургандыгы да катышуучулар тарабынан айтылды.

Белгилей кетсек, он-лайн кенешме  “Мегаком” компаниясынын vks.megacom.kg видеоконференция өткөрүү сервисин (iva vks мобилдик версиясы) пайдалануу аркылуу уюштурулган. Ошондой эле ЖАМУнун окутуучуларына жана студенттерине аталган компаниянын мобилдик байланышын акысыз колдонуу үчүн эки тараптуу келишим түзүлүп, иш алып барылууда. Мындан сырткары zoom программасы менен кафедралардын он-лайн жыйындары, сабактар өтүлүүдө.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30