KELECHEK
rek

COVID-19: Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 20-30% гана тесттен өттү

COVID-19: Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 20-30% гана тесттен өттү

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-апрелде брифингде билдирди. Министрдин айтымында өкмөттүк, президенттик аппарат, жергиликтүү бийликтегилер баары коронавирус тестинен өткөн деген маалымат жалган.

«Учурда көпчүлүгү үйүндө иштеп жатышат. Кызмат ордунда иштөөгө мажбур болгон 20-30% жетекчилерди, кызматкерлерди тесттен өткөрдүк. Талапка ылайык, тобокелчилик бар жерде иштеп жаткандар, чет өлкөлөрдө иш сапарында болуп келгендер баары текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Тесттен шек туулгандарга гана ПЦР анализ жасалат», - деди Абдикаримов.

Министрдин маалыматына ылайык, 6-апрелге карата Кыргызстанда 76 миң экспресс-тест бар. Анын ичинен 30 миңдейи иштетилген. Калгандары обсервацияга алынгандарды текшериш үчүн колдонулат.

Коронавирус илдетин тогуз дарыгер жугузуп алганы кабарланган. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.

Кыргызстанда 6-апрелдин таңына карата коронавирус жугузуп алган 69 адам катталды. Алардын баары обсервацияда жаткандар. Жалпы жонунан 216 адам илдетке чалдыкты. Төрт киши оорудан көз жумду.

6-апрелге карата 10 адам ооруну жеңип, айыгып чыкты. Дагы 23 киши сакайып, ооруканадан чыгарылары кабарланды.

Ооруканаларда илдет жуккан 202 адам жатат. Бешөө туруктуу оор абалда реанимацияда, алардын экөөнө жасалма дем алдыруу аппараты коюлган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38