KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы шарттарда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө санарип технологияларды колдонуунун жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы шарттарда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө санарип технологияларды колдонуунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы (МТБМК) — өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алды.

Президенттин 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын ишке ашуусу, ошондой эле кыргызстандыктардын жашоосуна өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал жана айрым шаарлар менен райондордогу өзгөчө абал шартында санарип технологияларды колдонууну кеңейтүү боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө жарандардын ыңгайлуу жашоосун камсыздоо үчүн аларды заманбап санарип технологияларды жана чечимдерди колдонууга максималдуу түрдө тартуу зарыл экендигин өзгөчө белгиледи.

«Түзүлгөн кырдаалда санариптик продуктуларды колдонуу муктаждыгы күчөп жаткандыгы санариптик көндүмдөрдүн калк тарабынан тезирээк өздөштүрүлүшүнө түрткү болот. Мындан улам Мамлекеттик комитет өлкөнү санариптештирүү боюнча программалар менен долбоорлорду ишке ашырууну максималдуу түрдө тездетиши керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

МТБМ комитетинин төрагасы Дастан Догоев түзүлгөн кырдаалдан улам Комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулганын билдирди. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү.

Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды эсепке алуучу атайын маалыматтык ресурстар ишке киргизилип жатат. Буга кошумча аймактардагы медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу зарылчылыгынан улам ушул жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактардагы бардык бөлүмдөрүн жаңы санариптик чечимдер менен камсыздоо пландалууда.

Бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, корона вирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

Президенттин өлкөнү санариптештирүү жөнүндө Жарлыгынын алкагында Дастан Догоев мамлекеттик органдарга электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү иши улантылып жаткандыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө бул система мамлекеттик 123 уюмда жана мекемеде иштеп жатат. Колдонуучулардын жалпы саны дээрлик 9 миң кишини, электрондук форматтагы документтердин жалпы көлөмү акыркы 6 айдын ичинде 237 миң документти түзгөн.

Ошону менен бирге Дастан Догоев өлкөнү санарипке өткөрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.

2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» долбоорунун башталышы пландалып, жылдын аягына чейин бул долбоор бүт өлкөгө киргизилет. Бүгүнкү күндө «Санарип аймак» 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген.  Долбоордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу камтылат.

Дастан Догоев санариптештирүүдөгү олуттуу алга жылуулар аралыктан окутуу ыкмасын уюштуруу боюнча билим берүү чөйрөсүндө байкалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнү санариптештирүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында бирдиктүү ачык санарип билим берүү экосистемасын иштеп чыгуу жолу менен билим берүү системасынын сапатын жогорулатууга багытталган бирдиктүү санарип билим берүү платформаларды түзүү пландалууда.

2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасындагы транзакциялардын жалпы көлөмү 25 миллиондон ашкан, ал эми 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин 24 млн транзакция аткарылган.

2020-жылдын биринчи чейрегинде 25 млн транзакциянын ичинен 14 миллиону мамлекеттик органдардын ортосунда жана 11 миллиону мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар ортосунда болгон.

Дастан Догоев Президенттин Жарлыгына ылайык, 2020-жылга карата санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттары — бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана айыл чарба тармактары экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында долбоорлордун ишке ашырылуусунун жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, санарип продуктуларынын калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу болушуна өзгөчө көңүл бурду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12