KELECHEK
rek

Новосибирск: Алты кыргызстандык транзиттик зонада камалып калды

Новосибирск: Алты кыргызстандык транзиттик зонада камалып калды

Новосибирсктин аэропортундагы кыргыз жараны. 31.03.2020

Кыргызстандын алты жараны Орусиянын Новосибирск шаарынын аэропортунан чыга албай жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жүргүнчүлөрдүн бири, өзүн Максат Осмоналиев деп тааныштырган жаран билдирди.

Анын айтымында, алты кыргызстандык 26-мартта Новосибирскке Вьетнамдын Нячанг шаарынан учуп барып, 27-мартта Бишкекке учмак. Бирок каттам токтогондуктан аэропорттун транзиттик зонасында калышкан.

Транзиттик зонадан чыгууга уруксат алып беришсе Новосибирсктин мейманканасына өз алдынча чыга турганын айткан Осмоналиев аэропорттун ичи суук болгондуктан бир мекендешин “Тез жардам” менен шаарга алып кетишкенин билдирди:

“Башында консулдуктан тамак-аш келип жаткан, азыр келбей калды. Кечээ бул жер суук болгондуктан бир балабыздын эти ысып, Новосибирсктин Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып кетишти. Коронавируска текшерсе, таза чыкты. Суук тийиптир. Бизге качан учак болот, белгисиз. Кыргызстандын консулу аэропорттун жетекчилиги жана Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айткан, бирок жыйынтык боло элек”.

Осмоналиев Вьетнамга иш боюнча барып, кайтып келе жатканын, транзиттик зонадагы алты кыргызстандыктын жаш курагы 30дун тегерегинде, бир кыз, беш эркек жаран экенин кошумчалады.

3-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб Новосибирсктин «Толмачево» аэропортунда Кыргызстанга авиакаттам күтүп жаткан 132 кыргыз жараны ошол жактын мейманканаларына убактылуу жайгаштырылганын кабарлаган. Кыргызстанга чартердик рейс уюштуруу маселеси жакын арада чечилгени жатканын билдирген.

31-мартта коронавируска байланыштуу Новосибирск облусунда адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган.

Бул шаардын аэропортунда Кыргызстанга кайта албай, топтолуп турган кыргызстандыктардын саны 203 адам экенин алар өзүлөрү «Азаттыкка» кабарлашкан. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13