KELECHEK
rek

Түркмөнстанда «коронавирус» сөзүн колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстанда «коронавирус» сөзүн колдонууга тыюу салынды

Ашхабад 31-март, 2020-жыл.

Түркмөнстанда бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынды. Ага ылайык, бардык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бул сөздү пайдаланбай калды.

Ошондой эле ооруканаларга жана мектептерге таратылып жаткан медициналык маалымдамаларда да «коронавирус» деген сөз жок.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы көчөдө коронавирусту кеп кылгандар кармалышы ыктымал экенин, себеби укук коргоо органдарынын кызматкерлери формасы жок эле эл аралап, кыдыра баштаганын жазды.

Түркмөнстанда адамдар өпкөнү сезгенткен илдетке кабылган учур расмий каттала элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрө баштады. Ага ылайык, 1-апрелден тартып жеке менчик дүкөндөр, соода түйүндөр, наабайканалар жана кызмат көрсөткөн жайлар жапырт жабыла турган болду. Өлкөдө жарандардын дене табын жапырт текшерүү башталды жана мектептерде каникулдун мөөнөтү узарды.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, өлкөдө ооруну жугузуп алгандар көбөйүп жатканын, бирок бийлик расмий маалымат бере электигин жазды.

Түркмөнстанда бийлик буга чейин бир аймактан экинчи аймакка каттаган жарандарды коронавирус жугузуп албаганын ырастаган маалымдама көрсөтүп турууга милдеттендирген.

Өлкөдө 20-марттан тартып аймактар арасындагы каттамга чектөө киргизилген жана өкмөттүн гана автобустары жүрүп калган. Ошондой эле өтө зарыл иши барлар гана атайын уруксат кагазы менен ары-бери каттап жаткан.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өз элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Ал бул чөп «түркмөн ата-бабалар миңдеген жылдар бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденген» деп айткан.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухаммедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки жолу адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...