KELECHEK
rek

Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Төмөндө анын өмүр баянын келтиребиз:

Исмаилова Аида Жекшенбаевна

1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү, 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин «Чыгыш таануу» факультетинен экономист-чыгыш таануучу кесибине ээ болгон (адистиги-Кореянын экономикасы).

Эмгек жолу:

— 1997-1998 жылдары — «Баласагын» жеке менчик мектебинде мугалим;

— 1998-2002-жылдары — «Пхурыл Киль» ЖЧКсында котормочу;

— 2002-2005-жылдары — «Хануль» ЖЧКсында башкы менеджер, котормочу;

— 2005-2006-жылдары — «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында котормочу;

— 2006-2008-жылдары — «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында башкы менеджер, котормочу;

— 2006-2010-жылдары — «PARK8 OPC» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү;

— 2011-2015-жылдары — «Silk road services» ЖЧКсынын генералдык директору;

— 2015-2020 жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси.

— 2020-жылдын апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12