KELECHEK
rek

Парламент өзгөчө абал режимин бузгандарга айып пул төлөтүүнү жактырды

Парламент өзгөчө абал режимин бузгандарга айып пул төлөтүүнү жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелдеги кезексиз жыйында Жоруктар жана бузуулар тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Өзгөртүүлөргө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, ал адамдардын жапыр оору жуктуруп алуусуна алып келген учурларда жашы жете электерге 120 миң сомдон 140 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынат же 1,5-2,5 жылга эркинен ажыратылат. Ушундай эле эреже бузуу үчүн чоңдорго 260 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып пул салынат же 2,5-5 жылга эркинен ажыратылат.

Буга чейин Бишкектин комендатурасы коменданттык сааттын эрежесин бузгандарга айып пул салынарын, республикалык штаб өзгөчө абал режимин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартыларын кабарлаган.

Бирок 1-апрелде ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов өзгөчө абал режими киргизилгенден бери бир дагы адамга айып пул салынбаганын, буга жаңы кодекстерде өзгөчө абал эрежесин бузгандарды жазалоо тууралуу нормалардын жоктугу себеп болгонун билдирген.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бир катар чектөөлөр коюлган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53