KELECHEK

Түркмөнстанда карта менен соода кылууга чектөө киргизилди

Түркмөнстанда карта менен соода кылууга чектөө киргизилди

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрү 28-марттан тартып азык-түлүк үчүн накталай эмес эсептешүүгө чектөө киргизди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, бир күндө 80 манатка чейин гана соода-сатык жүргүзүүгө болот. Андан соң карта блоктолот. Соода министрлигинин буйругуна ылайык, карта аркылуу кийинки төлөмдү 48 саат өткөн соң гана жүргүзүүгө мүмкүн.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатты түзөт.

Түркмөнстанда азык-түлүк тартыш болуп турган маалда айрым продукцияларды нак акчага сатып алууга тыюу салынган.

Мамлекеттик дүкөндөрдө мурдагыдай эле нан, ун, суу май, жумуртка жана тоок этине кезекке тургандар арбын. Товар чектелүү өлчөмдө гана сатылат. Жеке соода түйүндөрүндө азык-түлүктөрдүн наркы кымбат.

Түркмөнстанда узакка созулган азык-түлүк каатчылыгы коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралардан улам ого бетер күчөдү. Бийлик өлкөдө вирус жок экенин билдиргени менен чек аралар жабылып, кыймылга чектөө кирип, айрым ишканалар, анын ичинде азык-түлүк өндүргөндөр ишин токтотту.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстан ТИМи чек арадагы чырды

Өзбекстан ТИМи чек арадагы чырды "жергиликтүү мүнөздөгү окуя" деп...

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен...

Түркмөнстан килем майрамын белгилеп, велосипед күнүнө даярданууда

Түркмөнстан килем майрамын белгилеп, велосипед күнүнө даярданууда

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөн килеми күнү, Балдарды коргоонун эл аралык күнү...

Илон Масктын кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты

Илон Масктын кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты

Америкалык ишкер Илон Масктын «SpaceX» корпорациясы эки астронавт менен учурган «Крю Дрэгон»...

Өзбекстанда үйү түрттүрүлгөн аял өзүн өрттөөгө аракет кылды

Өзбекстанда үйү түрттүрүлгөн аял өзүн өрттөөгө аракет кылды

Өзбекстандын Навои облусундагы Карманин районунун 38 жаштагы тургуну үйүнүн түрттүрүлгөнүнө...

Түркмөнстанда бүтүрүү кечесине акча таба албаган бир нече окуучу өз...

Түркмөнстанда бүтүрүү кечесине акча таба албаган бир нече окуучу өз...

Акыркы күндөрү Түркмөнстандын Лебап облусунда мектепти аяктоо иш-чараларына акча таба албай калган...

Пандемия маалында атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли кескин...

Пандемия маалында атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли кескин...

Коронавирус пандемиясынан улам атмосферадагы көмүр кычкыл газы кыйла азайды. Бул тууралуу Nature Climate Change...

БМУ: жайында ысык жана коронавирус ден соолукка олуттуу кесепетин...

БМУ: жайында ысык жана коронавирус ден соолукка олуттуу кесепетин...

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (БМУ) быйыл жай өзгөчө ысык болорун,  коронавирустун жайылышы менен...