KELECHEK
rek

Кыргызстанда коронавирус дагы 10 кишиден табылды

Кыргызстанда коронавирус дагы 10 кишиден табылды

Ошону менен республикада коронавирусту жуктургандардын саны 94 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 30-мартка карата коронавирус илдетин жаңы жуктурган 10 учур аныкталды. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунан чыккан.

Бул адамдар обсервацияга алынды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Кыргызстанда вирус табылгандардын көпчүлүгү ооруну четтен жугузуп алса, акыркы күндөрү өлкөнүн аймагында илдетке кабылгандар көбөйүп жатат.

Кыргызстанда үй карантинин сактоо боюнча жана коронавирустун жайылышына каршы киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандардын жоопкерчилик чаралары күчөтүлүп, айып салынат. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Айыппулдун өлчөмүн, кандай тартипте төлөнөрүн өкмөт тактай элек.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө жарандарын жоопкерчиликтүү болуп, карантинди сактоого чакырды.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген аймактарда калк көчөлөрдө ээн-эркин жүрүүнү улантууда. Бул инфекциянын жайылышын шарттаган көйгөйлүү маселелердин бири. Бардык чектөөлөрдү аткаруу зарыл. Биз баштагыдай эркин сүйлөшүп, ар түрдүү жерлерге каалагандай барып жүрө албайбыз», - деди Боронов.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандарга дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды.

Бул аптада бардык эл аралык, анын ичинде Орусиядан келүүчү каттамдар токтотулганы да кабарланды.

Ал арада Кыргызстанда өзгөчө абалдын талаптары күчөдү. Борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкек шаары 30-марттан тартып күчөтүлгөн көзөмөлгө өтүп жатканын билдирди.

Орозалиевдин айтымында, борбор калаанын көчөлөрүнө кошумча 400дөй патрулдук кызматкер чыгат:

"Алар санитардык-карантин эрежелерин бузгандарга карата чара көрүшөт".

30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык саат талабын бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды.

Коронавируска чалдыккан бейтап Франциянын Страсбург шаарынан Германиянын Пфорцхайм шаарына тик учак аркылуу жөнөтүлгөнү жатат, 24-март 2020-жыл.


Дүйнө жүзүндө COVID-19га 665 миңден ашуун киши кабылды.

Ал эми илдетке чалдыккандардын саны жагынан АКШ алдыда. 29-марттагы маалыматтарга караганда, өлкөдө 124 миңден көп киши вирусту жугузуп алган.

Нью-Йорк штатында көрсөткүчтөр абдан жогору болуп жатканына карабай, президент Дональд Трамп Ак Үйдүн коронавируска каршы штабынын сунушутарына таянып, карантин киргизүүгө каршы экенин билдирди. 27-мартта Трамп пандемиянын айынан кыйын абалга туш болгон экономикага жардам берүү үчүн 2 триллион доллар бөлүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Ал арада вирус алгач пайда болгон Кытайдын Ухань шаары эки айлык изоляциядан кийин ачылып, кадыресе турмушка кайтууда.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38