KELECHEK
rek

Путин «Чоң жыйырма» саммитинде санкциялардан баш тартууну сунуштады

Путин «Чоң жыйырма» саммитинде санкциялардан баш тартууну сунуштады

Путин видеоконференция учурунда

Бейшемби күнү видеоконференция форматында өткөн «Чоң жыйырма» саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин медикаменттерди, азык-түлүктөрдү, жабдууларды жана технологияларды жеткирүү үчүн эл аралык санкциялардан баш тартууну сунуштады.

«Чынында биз өтө зарыл товарларга жана аларды сатып алуудагы финансылык транзакцияларга карата киргизилген чектөөлөргө тилектештик мораторийин киргизишибиз керек», — деди Путин.

Орусияда 2014-жылдан бери контрсанкциялар күчүндө. Аларга ылайык, Крымдын аннексиясына жана Донбасстагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Москвага каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн азык-түлүк сатып алууга тыюу салынган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө санкциялар жөнүндө сөз болгон жок.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия пандемияны пайдаланып, ЕБ өлкөлөрүн санкцияларды жеңилдетүүгө же толугу менен жоюуга көндүрүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.

«Видеосаммиттин» жыйынтыгы менен «Чоң жыйырмага» мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Анда G20 мамлекеттери пандемиядан улам жаралган каатчылык менен күрөшүүгө беш триллион доллар бөлүүгө даяр экендиги жазылган. Мындан тышкары өлкөлөр коронавирус инфекциясына каршы эмдөө каражатын издөө боюнча кызматташууну убадалашты.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө 532 миңге жакын адам коронавирус жуктуруп алса, каза болгондордун саны 24 миңден ашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52