KELECHEK

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугуп, коронавирустан улам өлкөдөгү жагдайды жакшыртыш үчүн финансылык жардам сурады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын Евробиримдик өлкөлөрүнө жайылып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүтүн билдирген.

Ошондой эле пандемиядан улам терс көрүнүштөрдү азайтыш үчүн Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.

Евробиримдиктин өкүлү Кыргызстандын абалы жана колдоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат уюмдун штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Ушундай эле жолугушуу Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис МакДейган менен өтүп, президент Жээнбеков акыркы кырдаалда каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылган.

Буга чейин кыргыз бийлиги Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) да ушундай өтүнүч менен кайрылган болчу.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди.

Бүгүн вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу жагдайдан улам быйылкы бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар экенин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат...

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат...

1-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти...

CАЯСАТ 2020-06-02  12:28

Боронов менен Арипов чек арада сүйлөшүү өткөрүштү

Боронов менен Арипов чек арада сүйлөшүү өткөрүштү

Кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү. 1-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку...

CАЯСАТ 2020-06-01  17:39

Президент Сооронбай Жээнбеков: Орозо күндөрү ниет кылган аруу...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Орозо күндөрү ниет кылган аруу...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен...

CАЯСАТ 2020-05-23  21:22

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-05-21  17:48

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир...

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин...

CАЯСАТ 2020-05-20  15:55

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип...

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда, Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-05-15  18:32

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду...

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Башкы...

CАЯСАТ 2020-05-13  17:05