KELECHEK

Жалал-Абад ОИИБнин алдында элдер эмнеге турушат?

Жалал-Абад ОИИБнин алдында элдер эмнеге турушат?

Социалдык тармактарда Жалал-Абад ОИИБнин имаратынын алдында эл көп топтолуп тургандыгын тартып алган видеотасма боюнча Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы төмөндөгүчө түшүндүрмө берди.

Коюлган талап жана бекем тартиптин арты менен көпчүлүк жарандарга чектөөлөр киргизилип, ээн эркин басууга кыйынчылыктар жаралган соң жана ишеним телефондору аркылуу байланышып, коюлган санитардык-эпидемиялогиялык карантиндик постордон чектөөсүз өтүү максатында, уруксат (пропуск) кагазын алуу үчүн келген атуулдар экендигин жана алардын маселеси учурда каралып жаткандыгын маалымдайбыз.

Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун жашоочуларына жана конокторуна өлкөбүздүн аймагына жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрели саат 08.00гө чейинки убакытка өзгөчө абал киргизилгендиги туурасында Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты элге кайрылуу жасаган жана саат 20.00-07.00 аралыкка коменданттык саат киргизилген.

Ошондой эле бүгүн саат 11.00дө түз эфирден чыгып коменданттык сааттын алкагында элге маалымат берип, жаралган суроолорго жооп берди.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ТИМ: 42 өлкөдө жарандарыбыз бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес

ТИМ: 42 өлкөдө жарандарыбыз бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес

Новосибирскинин аэропортундагы кыргыз жараны. 31-март, 2020-жыл.

Кыргызстан чет жактагы жарандарын...

УКУК 2020-04-09  17:45

БУУ: карантин шартында үй-бүлөдөгү зомбулук күчөдү

БУУ: карантин шартында үй-бүлөдөгү зомбулук күчөдү

Коронавирустун жайылышына каршы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө киргизилген карантин шартында...

УКУК 2020-04-06  17:35

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш...

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш...

Кыргызстандын Баш мыйзамы.

«Үмүт 2020» кыймылы Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул...

УКУК 2020-04-03  20:47

Парламент өзгөчө абал режимин бузгандарга айып пул төлөтүүнү жактырды

Парламент өзгөчө абал режимин бузгандарга айып пул төлөтүүнү жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелдеги кезексиз жыйында Жоруктар жана бузуулар тууралуу кодекске...

УКУК 2020-04-02  15:44

Ташкентте карантинге карабай үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет...

Ташкентте карантинге карабай үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет...

27-мартта Ташкент шаарынын тургундары өлкөдө карантин жарыяланганына карабай, Чилназар районундагы...

УКУК 2020-03-30  16:32

Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам...

Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам...

Ооганстандын президенти Ашраф Гани коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн түрмөлөрдөн 10 миңдей...

УКУК 2020-03-27  15:37

"Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-мартта «Кыргыз Республикасынын...

УКУК 2020-03-24  13:40