KELECHEK
rek

Президент А.Атамбаев: Кыргызстан боордош Түркия Республикасынын мыйзамдуу шайланган бийлик органдарын колдойт

Президент А.Атамбаев: Кыргызстан боордош Түркия Республикасынын мыйзамдуу шайланган бийлик органдарын колдойт

Бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Э.Абдылдаев мамлекет башчысына Түркиядагы айрым күчтөрдүн аскердик төңкөрүш жасоого аракеттеринен улам пайда болгон абал тууралуу маалымат берди. Тышкы иштер министри Түркияда убактылуу же туруктуу жашап жаткан биздин жарандардын коопсуздугу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жана Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинде жана Стамбулдагы башкы консулдукта атайын байланыш телефондору ачылгандыгын кабарлады.

Кыргызстандын Президенти тышкы иштер министрине ал жактагы абалды көзөмөлдөөнү улантып, убагында мамлекет башчысына маалымат берүүсүн тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан боордош Түркия Республикасынын мыйзамдуу шайланган бийлик органдарын колдой тургандыгын билдирди. Бийлик элге таандык. Кыргызстан демократиялуу жол менен эркин шайлоолор аркылуу шайланган өлкө жетекчисин бийликтен кулатуу үчүн аскердик күчтү пайдалануу орунсуз деп эсептейт.

“Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, ал эми биздин мамлекеттин элдерин тарыхый боордоштук байланыштырып турат. Биз түрк элинин конституциялык түзүмгө, адамдардын укугун жана эркиндигин сактоогокооптуулук жараткан ар кыл кол салууларга туруштук бере алчу акылмандуулугуна ишенебиз. Кыргызстан эли Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирет жана Түрк Республикасында тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти тезирээк орнотууга чакырат»,— деп Алмазбек Атамбаев баса белгиледи.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12