KELECHEK

Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди

Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта ушундай билдирүү таратты.

Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондон улам түрк тарап оорукананы алгачкы жылдары башкарууну өзүлөрү колго алууну көздөп келген.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

Дүйнөдө коронавирус күчөп турган чакта кыргыз-түрк ооруканасын тез арада ачуу зарылчылыгы парламентте жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

COVID-19: Оштогу дарыгерлердин өкмөткө кайрылуусун комиссия териштире...

COVID-19: Оштогу дарыгерлердин өкмөткө кайрылуусун комиссия териштире...

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына карганда Оштогу балдардын жугуштуу оорулар...

ДЕН СООЛУК 2020-04-09  18:07

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлердин саны 32ге жетти

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлердин саны 32ге жетти

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 8-апрелге карата дагы 13 кишиге...

ДЕН СООЛУК 2020-04-08  21:16

Кыргызстан: COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны 19га жетти

Кыргызстан: COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны 19га жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 7-апрелге карата акыркы бир суткада коронавируска чалдыккан...

ДЕН СООЛУК 2020-04-07  13:40

Кыргызстанда бир суткада дароо 69 адамдан вирус табылышынын себеби...

Кыргызстанда бир суткада дароо 69 адамдан вирус табылышынын себеби...

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуккандардын...

ДЕН СООЛУК 2020-04-06  17:24

COVID-19: Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 20-30% гана тесттен өттү

COVID-19: Кооптуу шартта иштеп жаткандардын 20-30% гана тесттен өттү

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-апрелде брифингде билдирди....

ДЕН СООЛУК 2020-04-06  17:28

Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт

Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт

Өзбекстан словакиялык «Chirana» компаниясы менен биргеликте жасалма дем алдыруучу аппараттарды...

ДЕН СООЛУК 2020-04-06  18:21

4-апрель: COVID-19 дагы 14 адамга жукту

4-апрель: COVID-19 дагы 14 адамга жукту

Баткендеги оорукана.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясы жуккан дагы 14 адам...

ДЕН СООЛУК 2020-04-04  19:34